ЖАЛАЛАБАД. Сузактын Чангенсай капчыгайында узундугу 300 метр, туурасы 200 метр, көлөмү 400 миң куб метр келген жер көчтү. Унаа жүрүүчү 8 метр жол жуулду. Ушундан улам облустун борбору менен райондун 6 кыштагынын ортосундагы транспорт байланышы үзүлдү. Селдин айынан Ош-Бишкек жолунун 456-чакырымы жабылып, унаалар Ташкөмүр шаарынын ичи менен өтүүгө аргасыз болушууда. Сузактын Багыш айылы менен Ташкөмүрдүн Осмонбеков көчөсүндөгү 32 үйдү чарба курулуштары, менчик бак-шагы менен кошо суу каптады. Облуста сел коркунучтарын четтетүү боюнча бүгүн ПЛУАД жана ДЭП-38 ишканасынын адистеринен тышкары 18 техника менен 33 адам иштеди.