Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

Кыргызстандыктар КМШнын башкаруу органдарында жетекчи кызматтарда иштеп жатышат


БИШКЕК. «Кыргызстандыктардын КМШнын башкаруу органдарынын жетекчилигине көбүрөөк көрсөтүлө башташы - бул биздин өлкөнүн Шериктештик алкагында активдүү иштеп жаткандыгынын белгиси», - деп билдирди бүгүн Тышкы иштер министрлигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Беларустагы, Литвадагы жана Латвиядагы элчиси Рысбек Качкеев. Анын айтымында, КМШнын Өкмөт башчылар кеңешин азыр Николай Танаев, Экономикалык кеңешин – вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетектейт. Ал эми Шериктештиктин Экономикалык сотунун төрайымдыгына Анара Керимбаева жакында эле шайланды. Мындан тышкары Роза Акназарова, Валерий Верчагин жана башкалар КМШнын башка органдарында жетекчилик кызматты аркалап келатышат. Рысбек Качкеевдин маалыматы боюнча, Беларусь президенти Александр Лукашенко быйыл Кыргызстанга иш сапары менен келет. Анын иш сапарынын учурунда 6 документке кол коюлушу күтүлөт жана ага даярдыктар жүрүп жатат. Былтыр эки мамлекеттин ортосундагы соода көлөмү 6 млн. доллар болгон.

XS
SM
MD
LG