БИШКЕК. Европа Өнүктүрүү Банкы тарабынан Кыргызстанга 10 миң доллар өлчөмүндөгү өтө чакан жана 50 миң долларлык аз өлчөмдөгү кредиттер сунушталууда. Буга чейин кыргыз банктарына мындай кредиттер менен каржылоо программасынын алкагында 1,2 миллион доллар өлчөмүндө 600дөн ашык кредит берилген. Келечекте Кыргызстан ушул эле программанын алкагында 17,5 млн. евро өлчөмүндө кредит алууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.