Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Президент А. Акаев чет өлкөлүк элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаевге Бельгиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Андре Мернье жана Румыниянын толук ыйгарым укуктуу элчиси Василе Соаре ишеним грамоталарын тапшырышты. Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде президент Аскар Акаев Кыргызстан бул мамлекеттер менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө дилгир экенин белгиледи. 21-апрелде Грекиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Хатапус иш сапары менен Бишкекке келет. Ал премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин төрагалары, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, кыргыз-грек мамилесин өнүктүрүү маселелерин талкуулайт. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG