Шринагарда миңдеген кишилердин алдында сүйлөгөн сөзүндө Атал Бехари Важпайи штаттагы калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө убада берди. Премьер Кашмирдин экономикалык өнүгүүсүнүн пландарынын майда-чүйдөсүнө токтолгон жок. Ал тек гана калкты кошуна Пакисттан менен тынч жашоого үндөдү. Бул - Индиянын кабинет башчысынын акыркы 16 жылдан бери штатка биринчи жолу келиши. Премьердин келишине нааразылык билдирип, кашмирдик козголоңчулардын негизги тобу эки күндүк иш таштоо жарыялады. Кашмир сепаратисттери региондун Индиядан бөлүнүп, кошуна Пакистанга кошулуусун талап кылып келатышат.