Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Сергей Юшенковдун өлүмүнө анын профессионалдык жана саясий ишмердиги себеп болгон


Бул жөнүндө “РИА-новости” агенттигине Москванын прокурору Михаил Авдуков билдирди. Бирок ал депутаттын өлүмүнө башка нерселер себеп болгонун да божомолдойт. Мамдуманын депутаты, “Либералдык Россия” партиясынын теңтөрагасы Юшенковду кечээ бирөөлөр үйүнүн жанынан атып, өлтүрүп кетишкен. Кылмышкер качып кеткен, бирок киши өлтүрүү болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү табыш чыгарбаган тапанча табылган. Президент Владимир Путин бул кылмышты иликтөөнү көзөмөлгө алууну прокуратурага тапшырган. Бүгүн прокуратуранын өкүлдөрү кылмышты иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө Мамдумада отчет беришти. Юшенковдун тажыясы жекшемби, 20-апрелде болот.

XS
SM
MD
LG