Аятолла Мухаммад Бакир ал-Хаким Ирактын ислам революциясынын Жогорку Кеңешининин төрагасы жана азыр Иранда жашайт. Ирактын оппозициясын 22-апрелде Кербалада чогулуп, АКШга каршылык көрсөтүүгө чакырган диний лидер элдин эркиндиги менен көз карандысыздыгын коргой турган өкмөттү ирактыктар өздөрү тандоого тийиш деп эсептейт. Кербала - шийиттердин ыйык шаары. Уламыштарга ылайык, Кербалада Мухамед Пайгамбардын жээни имам Кусейин каза болгон. Бүгүн акыркы чейрек кылымдын ичинде биринчи жолу миңдеген мусулмандар Кербалага зыяратка жол тартышты.