Линктер

бейшемби, 22-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:27

АЗЕРБАЙЖАН КЕЛЕЧЕКТЕ НАТОГО МҮЧӨ БОЛУП КИРИШИ МҮМКҮН


Азербайжан президенти Гейдар Алиевдин айтымында, келечекте Азербайжан НАТО уюмуна кошулууну каалайт. Бул билдирүүнү Алиев 18-апрелде Бакы шаарында Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү менен жолукканда жасады. Алиевдин айтымында, НАТОго мүчө болуп кирүү максатын Азербайжан өзүнө 1994-жылы НАТОнун "Тынчтык үчүн шериктештик" аттуу программасына кошулганда эле койгон.

XS
SM
MD
LG