Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Эл Аралык Валюта Кору Түркияга 701 миллион доллар насыя бөлүп берди


Кор тараткан маалыматта насыя Түркиянын экономикалык өнүгүүсү кылдат талдоодон өткөрүлгөндөн кийин берилгендиги айтылат. Кордун аткаруучу директорунун орун басары Анне Кройгер түрк өкмөтүнүн өлкөнүн экономикасын турукташтыруу жана реформалоо боюнча аракеттерин жогору баалады. Ошону менен катар Кройгер айым өлкөнүн экономикалык проблемаларына түрк өкмөтүнүн жаңылыш саясаты менен Ирактагы согуш себеп болгондугун баса белгиледи. Анын айтымында, азыр түрк өкмөтү финансылык саясатты катаңдатып, салык саясатына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш. Түркия кор убада кылган 18 миллиард долларлык жардамдын 14 миллиардын алды.

XS
SM
MD
LG