Кашмирдин университетинде сүйлөгөн сөзүндө ал: "Демократиялуу тынч жол менен чечилбей турган маселелер жок", - деп айтты. Кечээ Кашмирге эки күндүк визит менен келген премъер Индия Кашмирдин ички жана тышкы проблемаларын Пакистан менен да, Кашмирдин сепараттисттик тобу менен да талкуулоого даяр экенин айткан. Пакистандын премъер-министри Зафарулла Жамали бул билдирүүнү кубаттоо менен каршы алды. Британ оторчулугунан бошонгон 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия Кашмирдин талашып, эки жолу согушкан.
Университеттеги жолугушууда Индиянын премьер-министри ошондой эле Индия бардык борбор азиялык мамлекеттер менен байланышын чыңдоого умтулуп жатканын жана Индия андай тыкыз байланыштарды өөрчүтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.