Лагерге көзөмөл жүргүзгөн Күрт Демократиялык партиясынын өкүлү туткундар партиянын жетекчиси Массуд Барзанинин буйругу менен бошотулганын билдирет. Туткундар күрт аскерлери аларга дурус мамиле жасашканын, туткундар, ал тургай, волейбол жана футбол ойноп, АКШнын CNN телеканалын көрүп турушканын айтышат.