Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Багдадда Америкалык аскердик бөлүктөрдүн кайра дислокациясы өткөрүлдү


Анын натыйжасында Багдадды алууга катышкан деңиз аскерлеринин ордун суу жана электр энергия системаларын калыбына келтире алуучу жөө аскерлер басты. Беш миллион тургуну бар Багдад суусуз жана электр энергиясыз кала берүүдө. Бүгүн шаардагы дүкөндөрдүн көбү ачылган жок, бирок коомдук автоунаа жүрүп жатат жана жол полициясынын айрым кызматкерлери ишке чыгышты. Коомдук сектордо иштеген жүздөгөн жарандар бүгүн административдик имараттарга чогулуп, кайрадан ишке киришүү көрсөтмөлөрүн күтүштү. Эл чогулган жердеги тартипти америкалык аскерлер көзөмөлгө алышты.
Анын аралыгында бүгүн Багдадка гумжардам жүктөлгөн алгачкы автоколонна келди. АКШнын аскердик өкүлү гумжардам таратылганга чейин кампаларда сактала тургандыгын билдирет.

XS
SM
MD
LG