Облустук штабда айтылган маалыматтар боюнча, 1-апрелге карата облус боюнча электр энергиясын пайдалануучулардын карыздары 245 млн. сомго жетти. Айрыкча Каракол, Балыкчы шаар тургундарынын жана мекеме-уюмдарынын электр жарыгы үчүн карыздарын төлөөнү улам кийинки айларга жылдырылганы тууралуу фактылар аталган иш-чарада кескин сынга алынды. Облустук штабда карыздарды кайтаруу солгундугу эч кимди канаттандырбагандыгын белгилөө менен чукул арада андан жыйынтык чыкпаса, карыз ээлерине катуу чаралар көрүлөрү эскертилди.