25-апрелде Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Валерий Дилдин демилгеси менен «Куралдуу күчтөрдөгү аскерий тартипке сыйбаган мамилелер: алардын алдын алуу жана жоюу» деген темада парламенттик угуу өткөрүлөт. Ага Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму баш болгон эларалык уюмдардын өкүлдөрү, коргоо, юстиция, ички иштер министрликтеринин жетекчилери чакырылууда. Парламенттик угууда аскердеги кагылышууларга, жаш чакырылган жоокерлерди кыйноого, урууга жол бербөө, мындай фактыларды кандайча болтурбоо жана алдын-алуу маселелери талкууланат. Бул тууралуу ишемби күнү Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинен кабарлашты.