Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Дүйшөмбүдө президенттер чогулат


27-апрелде Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин президенттеринин саммити ачылат. Ага кыргыз президенти Аскар Акаев да катышат. Саммиттин күн тартибинде 20дан ашуун, алардын ичинде шериктештиктин алкагында ар кандай багытта кызматташуу маселелери бар. Бул тууралуу ишемби күнү тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын маалыматы боюнча, Дүйшөмбү шаарында 28-апрелде президенттер Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун маселелерине байланыштуу да жыйын өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG