Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Жарандык коом шайлоо эрежесин түшүндүрөт


«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын директорлор кеңеши ишембиде кезектеги жыйынына чогулду. Эки күнгө белгиленген бул отурумда кеңеш коалициянын өткөн үч айлык ишинин жыйынтыгын талкуулайт жана алдыдагы иш пландарды бекитет. Алардын ичинен негизги маселе катары октябрь айында өтүүчү жергиликтүү бийликке шайлоого камылгалар талкууланат. Бул иш чарага байланыштуу коалиция «Калктын күчү - күчтүү кеңешчиде» аттуу долбоордун алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөп жатат. Директорлор кеңешинин чечимине ылайык апрель айынын этегинен тарта коалиция жергиликтүү бийликтин маанисине байланыштуу маалымат берүүчү иш чараларды өткөрүүгө киришет. Анын алкагында калкка 100 миң нуска маалымат баракчасын, 15 миң нуска плакат таратып, жер-жерлерде 1500 жыйын өткөрүүнү көздөп жатат. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын тутумунда учурда өнөктөш 180 бейөкмөт уюм бар.

XS
SM
MD
LG