БИШКЕК. 23-апрелде Кыргызстандын укук коргоочу уюмдары Кошмо Штаттардын Ирактагы саясатына нааразылык билдирип, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгышат. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынынын төрагасы Турсунбек Акундан алынды. Анын айтымында, пикетке укук коргоочу уюмдардан тышкары диний уюмдар жана Ирактагы согушка каршы жарандар да катышат. Анда «Ирактын өкмөтүн түзүү жана жаңы бийликти орнотуу бир гана Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги менен эл аралык укук нормаларынын чегинде жүргүзүлсүн» деген талап коюлат. Андан тышкары, акцияда «АКШ Сирияга, Иранга жана Түндүк Кореяга каршы согушчул саясатын токтотсун» деген талап айтылат.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Бүбүкан Досалиева
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Бүбүкан Досалиева
Редактор – Жыргалбек Касаболотов