Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

Жергиликтүү бийлик тууралуу мыйзам даярдалды


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөл облусунун Чолпоната шаарында «Жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органдарынын финансы-экономикалык негиздери» аттуу мыйзам долбооруна арналган семинар аяктады. Ал Конституциянын жаңы редакциясына ылайык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына берилген саясий укукту экономикалык негиздер менен бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу максатын көздөдү. Семинар ПРООНдун Кыргызстандагы кеңсеси жана Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, өкмөттүн, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү жана юристтер катышты. Семинарга катышкан депутат Ишенбай Кадырбековдон бүгүн алынган маалыматка караганда, мыйзам долбооруна жергиликтүү бюджетти калыптоодо жана аны башкарууда жергиликтүү бийлик органдарына кеңири мүмкүнчүлүк бере турган механизмдер киргизилди.

XS
SM
MD
LG