БИШКЕК. Бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин жыйыны аяктады. Анда коалициянын баштапкы уюмдары жана ага мүчө болуу жөнүндөгү жаңы жобо кабыл алынды. Коалициянын президенти Эдил Байсаловдун бүгүнкү маалыматына караганда, жаңы жобо бирикменин ишин жер-жерлерде жандандыруу жана жарандык коомду бекемдөө максаты менен кабылданды. «Директорлор кеңешинин чечими бул коалициянын келечегине, өнүгүүсүнө шарт түзөт жана баштапкы уюмдардын түзүлүшү жер-жерлерде жарандык коомдун саясатка активдүү катышуусуна жол ачат. Келечекте коалициянын ишин ушул баштапкы уюмдар аркылуу алып барабыз», - деп билдирди Эдил Байсалов. Анын айтымында, директорлор кеңеши, мындан тышкары, өткөн үч айдагы ишин жыйынтыктап, алдыдагы иш-пландарды аныктады.