Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Кытай, Гонкоң жана Сингапур САРС оорусуна каршы жаңы чара көрүшүүдө


Кытайда өкмөт САРСты жуктуруп алган жүздөгөн киши тууралуу маалымат берилбегенин жарыялангандан бир нече саат өтпөй, саламаттык министри жана Бейжин шаарынын акими Коммунисттик партияда ээлеген жогорку кызматтарынан бошотулду.
Табышмактуу САРС оорусуна байланыштуу Кытайдын өкмөтү ошондой эле 1-майга удаа белгиленүүчү "Алтын жума" майрамына тыйуу салды. Бул чара жети күндүк майрам убагында элдин массалык орун которуусуна жол бербөө үчүн көрүлүүдө.
Али дабасы табыл элек дем алуу органдарынын САРС оорусу Кытайда ноябрда башталган. Андан бери САРСты 1 жарым миңден ашык киши жуктуруп алды. Алардын ичинен 67си каза тапты.
Гонкоңдо бир күндө 12 киши каза тапкандан кийин, дарыгерлер САРСты дарылоонун методдорун кайра караштырып жатышат. Гонгоңдо 1358 киши ооруп калса, 81 киши каза болду. Адистер оорулардын саны мындан алда-канча жогору экендигин эскертишүүдө.
14 киши САРСтан ажал тапкан Сингапурда бийликтер САРС вирусун жуктуруп алган үч киши иштеген базарды жабууга буйруду.
САРСтан бүгүнгө чейин дүйнө жүзүндө кеминде 186 киши каза болду, курмандыктардын көбү Азияда болуп жатат.

XS
SM
MD
LG