БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун «Айлана-чөйрөнү коргоо» программасынын алкагында дүйнөгө белгилүү жапон ырчысы Като Токико Кыргызстанга 18-майдан 22-майга чейин келип, Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында жеке концертин берет. Анын репертуарында жапон ырларынан тышкары орус, англис тилдериндеги чыгармалар да бар. Като Токико Бишкектеги № 70-мектеп-гимназиянын окутуу программалары менен таанышып, «Айлана-чөйрөнү коргоо» сабагына катышат. Ошондой эле ал Ысыккөлгө барып, анын жаратылышы жана айлана-чөйрөсүнүн ал-акыбалы менен таанышат.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов