НАРЫН. Нарын шаарындагы № 87-кесипчилик окуу жайынын жамааты премьер-министр Николай Танаев менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековго бүгүн арыз кат жолдошту. Лицейден алынган маалымат боюнча, облус жетекчилиги лицейдин жамаатына кеңешпестен, окуу жайынын имараттарын Кыргыз-Түрк лицейине 30 жылга ижарага берүүгө буйрук чыгарган. Арыз катта лицейдин жамааты облус жетекчилигинин мындай чечимине макул эместигин айтып, «азырынча бош турган имараттар кийин керек болот» деген пикирин билдирген. Окуу жайынын бош имараттарын ижарага алууга ниеттенген Кыргыз-Түрк лицейинин жетекчилиги, өз кезегинде, Голландия мамлекетиндеги түрк диаспорасы тарабынан бөлүнгөн 200 миң долларлык инвестициянын эсебинен кесиптик лицейдин имараты оңдолоорун жана мындан Нарын облусу утушка гана ээ болоорун билдирүүдө.