ЖАЛАЛАБАД. Коомдук уюмдар менен 23 шайлоочу депутаттардан «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам долбоорундагы 86-беренени кабыл албоону жана ага алымча-кошумчаларды киргизүүнү өтүнүштү. Алар, «бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Жогорку Кеңештин чогулушунун стенограммасын, протоколун, алардын көчүрмөсүн алуу жагынан жарандардын укугу чектелип калат» деп эсептешет. Кайрылуу ээлери депутаттардын сөзү жазылган тасмаларды 4 жыл сактоону, жазуу түрүндө кайрылбаса да палатанын отуруму жөнүндөгү маалыматты коомдук бирикмелердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын биринчи талабы боюнча орундатууну сунуш кылышты.