БИШКЕК. Кыргызстандагы мусулмандардын диний башкармалыгынын уставына өзгөртүү киргизилип, уламалар кеңешинин тутуму 30 адам болуп түзүлдү. Мындай чечим кыргыз мусулмандарынын кечээ өткөн экинчи курултайында кабыл алынды. Ага ылайык мындан ары курултай ар бир жети жылда өткөрүлөт жана муфтий облустук казылар менен орун басарларын уламалар кеңешине сунуш кылат. Райондук имамдарга имам-хатиб деген наам, диний башкармалыктын Бишкек жана Ош шаардык бөлүмдөрүнө болсо казият деген статус берилди. Андан тышкары ислам дини боюнча билим берген окуу жайлары муфтийдин жардыгынын негизинде түзүлүп, диний адабияттар басыла турган болду. Курултай келечекте Ислам университетин түзүү, анда иштеген адамдарга диний, илимий даражаларды берүү чечимине келди. Чогулгандар Муратаалы ажы Жумановду муфтийликке биротоло бекитишти. Кыргызстан мусулмандарынын биринчи курултайы 1996-жылы болгон. Азыр өлкөдө 39 медресе, ислам дини боюнча билим берген жети жогорку окуу жайы жана 2000ден ашуун мечит бар.