Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Акыйкатчынын укуктары кеңейди


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын Акыйкатчысынын ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун кабыл алды. Маселен, Админстративдик кодекске жаңы киргизилген өзгөртүүлөргө жана кошумчаларга ылайык, Акыйкатчынын ишине мыйзамсыз кийлигишкен жарандарга 3төн 5ке, ал эми кызматкерлерге 10дон 30га чейинки минималдык айлык акы өлчөмүндө айып салынат. Акыйкатчынын ишине тоскоолдук жасагангандарга 100дөн 200 минималдык айлык акы өлчөмүнө чейин айып салынат. Акыйкатчы президент, премьер-министр, парламент төрагасы жана депутаттар сыяктуу эле түрмөлөргө жана убактылуу кармоо жайларына уруксатсыз кире алат. Мыйзам долбоору депутат Азимбек Бекназаров тарабынан даярдалып, Акыйкатчы менен макулдашылган. Депутаттардын пикиринде, бул мыйзам Акыйкатчынын мүмкүнчүлүгүн күчөтүп, анын натыйжалуу иштөөсүнө шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG