Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Укук коргоочулар табигый кырсыкка байланыштуу билдирүү таратышты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы укук коргоо кыймылы Өзгөн районунун Каратарык айылында болгон табигый кырсыкка байланыштуу билдирүү таратып, анда «кырсык болчу жерлерди алдын-ала иликтеп чара көрбөгөн бийлик күнөөлүү» деп билдирди. Андан тышкары, билдирүү ээлери «кырсык болушу мүмкүн болгон кооптуу жерлер тууралуу маалымат таратып, кырсыкты болтурбоо чараларын көрбөгөн Илимдер академиясынын, Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин да күнөөсү бар экендигин» белгилешти. Укук коргоо кыймылы бийликтин шалаакылыгынан жакынкы эки жылда эле 50дөн ашык адам ар кандай кырсыктын курмандыгы болгондугун эскертип, кырсыкты болтурбаш үчүн коомчулуктун көзөмөлүн күчөтүп, эл алдында коомдук талкуу уюштурууну бийликке сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG