Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Өзгөн районундагы жер көчкүдөн 38 адам каза болду


БИШКЕК. Кечээ Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпакташ айыл өкмөтүнө караштуу Каратарык айылында болгон жер көчкүдөн 38 адам каза болду. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги билдирген маалыматка караганда, алардын 7өө эркек, 15и аял, 12си бала жана калгандарынын ким экендиги азырынча белгисиз. Кырсык кечээ кечки саат төрттөргө жакын болуп, 1,5 миллион куб. метр көлөмдөгү жер 13 үйдү басып калган. Бүгүн эртең менен жер көчкүнүн алдынан беш адамдын сөөгү алынды. Калгандарын азыр 62 адамдан турган куткаруучу топ издеп жатат. Жергиликтүү элдин айтуусунда, жер көчкүдөн бийиктиги 20 метрлик теректер да көрүнбөй калган. Айрым үй-бүлөлөрдөн алтыдан, бештен, төрттөн адам жок болгон. Ал эми көчкү баскан малдын эсебин алыш мүмкүн эмес.
Өзгөндөгү кырсыктын залакаларын четтетүү боюнча премьер-министр Николай Танаев башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын башчысы бүгүн эртең менен кырсык болгон жерге барды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат департаментинин башчысы Надыр Момунов билдирди. Николай Танаев курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жер көчкү алып келген зыянды жоюуга өкмөт бардык зарыл иштерди жасап, жабырлагандарга жардам берээрин билдирди. Эң негизги маселе - өлгөн адамдардын сөөгүн толук табыш мүмкүн эмес экендиги моюнга алынды. Андыктан көчкүнүн чет-жакасы, үстү адистер тарабынан изилденип, тереңдеги сөөктөр ошол бойдон калтырылып, куран окутула болгон болду. Сөгөттөгү жер көчкүдө өлгөндөрдүн тажыясы бейшемби күнгө белгиленди. Өкмөт жабыр тарткандарга коопсуз жерден үй салууга жер, 200 миң сомдук ссуда берүүгө, кароосуз калган балдарга толук камкордук көрүүгө милдеттенди.
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчисинин айтымында, аба ырайынын жаанчыл болушунан Кыргызстанда табигый кырсыктардын коркунучу күчөдү. Ошондуктан өкмөт башчысы Өзгөн районунан келип, эртең суу каптоо коркунучу күчөгөн Атбашы районуна бармакчы.
Президент Аскар Акаев кырсыктан жапа чеккендерди бардык керектүү жабдуулар менен камсыздоону жана кырсыктын кесепетин жоюу боюнча тезинен чара көрүүнү тиешелүү мекемелерге тапшырды. Кыргызстандын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги берген маалыматка караганда, Орусиянын күтүүсүз кырдаалдар министрлиги кырсыктан жапа чеккендерге кураштырма үй жагынан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумун Өзгөндөгү жер көчкүдө курман болгондорду эскерүү менен баштады. Өзгөн районунан шайланган депутат Адахан Мадумаров өз районуна жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG