Ирандын спортчулары ушул күздө күрөш боюнча Нью-Йорк шаарында өтүүчү чемпионатка катышууга макул болду. Ирандын Күрөш федерациясынынын башчысы Мохамед Рез-Талеханинин билдиргенине караганда, алар мындай чечимге АКШнын спорт өкүлдөрү менен жетишилген макулдашуунун натыйжасында келди. Ага ылайык, ирандык спортчулар АКШга барган учурда алардан бармак белгиси алынбайт. Кошмо Штаттар 11-сентябрдагы террордук чабуулдардан соң киргизген коопсуздук эрежелери боюнча бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Ирандын атуулдары АКШга келген учурда бармак белгиси алынат. Мындай чараны "дискриминация" деп баалаган ирандык спортчулар Нью-Йорктогу мелдештен баш тарта турганын билдиришкен. Нью-Йорктогу чемпионат - 2004-жылкы Олимпиадага тандап алуу мелдештеринин бири.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага