Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Түндүк Корея өткөн жума күнү тараткан билдирүүсүн оңдоду


Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги андагы билдирүүсүндө Пхеньян өзөктүк отунду кайра иштетүүнүн акыркы баскычын ийгиликтүү жүргүзүп жатканын жарыялаган эле. Дүйшөмбүдө Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин интернет-сайтына коюлган билдирүүдө Пхеньян өзөктүк отунду кайра иштетүүгө киришүү жолунда бара жатканы гана айтылат. Эксперттердин эсебинде, Түндүк Корея өзөктүк отунду кайра иштете баштагандан бир нече айдын аралыгында сегиз өзөктүк бомбага ээ болушу мүмкүн. Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасына байланышкан кризисти жөнгө салуу маселелери ушул аптада Пекинде талкууланмакчы. Кытай менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнө АКШнын катышары арсар бойдон калууда. Эгер АКШ Пекиндеги сүйлөшүүлөргө катышса, бул - азыркы кризис тутанган өткөн жылдын октябры айынан бери Вашингтон менен Пхеньяндын дипломаттарынын алгачкы кездешүүсү болот.

XS
SM
MD
LG