Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Кытайда "САРС" дартына чалдыккандардын саны өсүүдө


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдиргенине караганда, расмий Пекин өнөгөсүз өпкө оорусуна, же адистердин тили менен кыскача айтканда САРС илдетине кабылган дагы 100 адам аныкталганын, эки адам каза тапканын маалымдады. Кечээ эле кытай бийликтери "САРС" вирусу 346 адамдан табылганын жарыялаган. Өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттарынын бүгүнкү кабарларына караганда, Пекин шаарынын мэри Мэн Суэнун "САРС" илдетинин чыныгы көрсөткүчтөрүн жашырганы үчүн кызматынан бошотулду. Алды менен Пекиндин мэри менен бирге өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Чжан Вэнькан Коммунисттик партиядагы кызматтарынан кол жууган эле. Саламаттыкты сактоо министри өкмөттөгү кызматынан бошотулган–бошотулбаганы белгисиз. Дүйндө "САРС" дартынан каза тапкандардын саны 200дөн ашты, вирусту жуктуруп алгандар 3800дөй. "САРС" илдетине каршы чараларды көрүп жатканын бүгүн Түндүк Корея да жарыялады. 88 адам каза болгон Гонконгдо үч апталык тыныгуудан кийин эртең мектептердин көпчүлүгү кайра ачылат. Бирок, окуучулар беткеп тагынып жүрүүгө милдетүү.

XS
SM
MD
LG