Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Аргентиналык адвокат Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору болуп шайланды


Люис Морено Окампонун талапкерлигин 78 өлкөнүн өкүлдөрү жашыруун добуш берүү аркылуу жактырышты. 9 жылдык мөөнөткө шайланган башпрокурор эл аралык айыптоочунун кызматына 16-июнда киришет. Гаагада жайгаша турган трибуналдын 7 аял жана 11 эркек судьядан турган курамы өткөн айда тандалып бекитилен. Эл аралык трибунал – геноцид, же кайсы бир улуттун өкүлдөрүнө каршы саясат, аскердик кылмыш, адамзатка каршы кыянатчыл иштерди талдай турган туруктуу иштечү алгачкы эл аралык сот органы болмокчу. Аргентиналык Морено 85-жылы өз өлкөсүндөгү аскерий хунтанын мүчөлөрү соттолгондо, прокурордун орун басары милдетин аткарып жүрүп, өзүн көрсөтө алган адис катары таанымал.

XS
SM
MD
LG