Азербайжан президентинин басма сөз кызматы дүйшөмбүдө расмий жыйында сүйлөп жатып, өңү бозоруп, эсин жоготкон президент Гейдар Алиевдин саламаттыгы азыр дурус абалда экенин маалымдады. Билдирүүгө караганда, Бакудагы аскердик академияда сүйлөгөн сөзү телевизор аркылуу түз тартылып көрсөтүлүп жаткан жеринен көкүрөгүн мыкчып, өңү бозоруп-кыйналган азербайжан президентинин ошол маалда кан басымы кескин төмөндөп кеткен. Жардамчылары сүйөп жетелеп кеткен Алиев 15 мүнөттөн кийин кайра эл алдына чыгып, таклибин бүтүргөн соң, догдурларга кайрылган. Быйыл 80ге чыга турган саясий ардагер Гейдар Алиев мындан 4 жыл мурдараак АКШда жүрөгүнө операция жасаткан болчу.