Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

АКШ, Түндүк Корея жана Кытайдын делегациялары Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасын талкуулашат


Вашингтондун өкүлү Ричард Баучер маалымдагандай, шаршембиде Бээжинде баштала турган 3 күндүк жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жеймс Келли, Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысынын орун басары, генерал Ли Гун, Кытайдын тышкы саясий мекемесинин бөлүм башчысы Фу Йинг жетектеген делегациялар катышышат. Ричард Баучер Вашингтон Түндүк Корея чатагы биротоло, артка кайткыс деңгээлде чечилишин каалайт деп басым жасай кетти.

XS
SM
MD
LG