Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Өзбек президенти кошуна өлкөлөрдү шалаакылык үчүн күнөөлөдө


Өзбек президенти Ислам Каримов 22-апрелде Ташкен шаарында Румыниянын президенти Ион Илиеску менен жолукканда, кошуна борбор азиялык мамлекеттердин жетекчилерине кайрылып, аларды исламдык экстремизмдин коркунучуна жете баа бербей жаткандыгы үчүн күнөөлөдү. Каримовдун айтымында, Казакстан менен Кыргызстанда акыркы мезгилде "Хизб-ут-Тахрир" кыймылынын аракеттеринин күчөгөнү - дал ошондой шалаакы мамиленин айынан болуп жатат. "Хизб-ут-Тахрир" Борбор Азияда исламдык халифат түзүү үчүн күрөшөт.

XS
SM
MD
LG