Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Иракты башкарган америкалык генерал күрт жетекчиси менен жолукту


Ирактын америкалык убактылуу башкаруучусу Жей Гарнер 22-апрелде Сулаймания шаарында - ирактык күрттөрдүн жетекчилеринин бири Жалал Талабани менен жолугуп, Ирактагы абалды жөнгө салуу маселелерин талкуулады. Гарнердин айтымында, өлкөнүн күрттөр жашаган түндүгүндөгү акыркы өзгөрүүлөр бүткүл Ирак үчүн үлгү боло алат. Талабани - "Күрдистандын патриоттук бирикмеси" деген уюмдун төрагасы. Өлкөнүн түштүгүндө жашаган шиилер болсо эки күндөн бери Багдад шаарында митинг өткөрүп, америкалык аскерлердин Ирактан чыгып кетишин талап кылууда. Катар өлкөсүндөгү АКШ аскерий жетекчилигинин айтымында, Хилла шаарында Ирактын мурдагы премьер-министри Мохаммед Хамза аз-Зубейди кармалды. Америкалык генерал Винсент Брукстун айтымында, башка жетекчилер да изделүүдө: "Изделип жаткан Ирактын мурдагы 55 жогорку жетекчисинин азырынча он бири кармалды жана коалициялык күчтөр режимдин мурдагы төбөлдөрүн издөөнү улантууда".

XS
SM
MD
LG