Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:48

Кыргызстанда Чернобыль алааматы эскерилет


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Чернобыль биримдиги» уюму 26-апрелде Чернобыль трагедиясын эскерүү күнүн өткөрөт. Эртең болсо Улуттук гематология борборунда радиациядан жапа чеккендерди дарылоо бөлүмү ачылат. Бул тууралуу бүгүн «Чернобыль биримдиги» уюмунун башчысы Кадырбек Сасыкулов, Чернобыль алааматын жоюуга катышкан генерал-майор Жаныбек Үмөталиев жана профессор Абдухалим Раимжанов кабарлашты. Алардан алынган маалыматка караганда, 1986-жылы 26-апрелде болгон Чернобыль алааматын жоюуга Кыргызстандан 2300дөй адам катышкан. Алардын 500дөйү 50 жашка жетпей каза болушкан. Генетиктердин маалыматы боюнча, радиациянын таасири 3-4 муунга чейин таасир тийгизет. «Ошондуктан Чернобыль радиациясына кабылган адамдардан төрөлгөн 1,5 миң бала да медиктердин көзөмөлүндө турат», - деп белгилешти маалымат жыйынынын катышуучулары.

XS
SM
MD
LG