Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Укук коргоочу шаардык сотко апелляциялык арыз берди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун өзүнүн премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын канааттандырбай койгон Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдоду. Бул тууралуу Турсунбек Акун «Азаттык» радиосуна бүгүн билдирди. Анын айтымында, анын арызын алты ай териштирген райондук сот доону терең иликтеген эмес жана калыс чечим чыгарбай койгон. Ошондуктан, ал Бишкек шаардык сотуна жолдогон арызында райондук соттун чечимин жокко чыгарып, арызды кайра ошол эле сотко, бирок, башка судьянын кароосуна жиберүүнү өтүндү. Укук коргоочу өткөн жылы сотко берген арызында премьер-министрди «массалык маалымат каражаты аркылуу жалган ушак таратып, адамдык абийириме шек келтирди» деп кинелеп, моралдык чыгымы үчүн өкмөт башчысынын 1 миллион сом айыппул тартышын талап кылган эле.

XS
SM
MD
LG