Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Бейөкмөт уюмдар коалициясы Укук коргоо уюмунун пикирине каршы чыкты


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын «Каратарыктагы жер көчкүнүнүн болушуна анын алдын-алууга чара көрбөгөн бийлик күнөөлүү» деген билдирүүсүнө каршы чыкты. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна коалициянын президенти Эдил Байсалов кабарлады. Анын айтымында, кырсык болоору менен дароо бийликти айыптап чыккан Укук коргоо уюмунун билдирүүсү жөнсүз. «Анткени кырсыктын себептери жана ага өбөлгө болгон жагдайлар иликтенип, акыркы жыйынтык чыга электе эле бир тараптуу айыптоого негиз жок. Мындай бир жактуу билдирүү жасагандан мурун кырсык басып турган адамдардын абалын да эске алыш керек», - деп билдирди Эдил Байсалов. Кыргызстандагы укук коргоо кыймылы Каратарыктагы жер көчкүдөн кийин билдирүү таратып, анда мындай кырсыктардын алдын албагандыгы үчүн бийликти кинелеген эле.

XS
SM
MD
LG