Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Талас облусунда табигый кырсыктардын алдын алуу иштери күчөтүлдү


ТАЛАС. Талас облустук жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, губернатор Искендер Айдаралиевдин атайын буйругуна ылайык, ар кандай чукул кырдаалдардын кесепетин жоюш үчүн облустук бийликте 50 миң сомдук, райондордун ар биринде 25 миң сомдук кол тийбес фонд түзүү тапшырмасы берилди. Жаан мол жаап, тоолордо мөнгүлөр эрий баштагандан бери Талас дарыясы да тынчсыздандыра баштады. Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин көчмө бригадасы Талас районундагы Көктокой, Бакайата районундагы Кеңарал, Өзгөрүш айылдарын, Талас шаарынын айрым жерлерин суу ташкындан алдын-ала тосуу иштерин жүргүзүүдө. Экология жана чукул кырдалдар министрлиги Таласка бере турган 15 миллион сомдук жардамдын канчасы берилээри белгисиз. «Бул каражаттын 12 миллиону курулушка, 3 миллиону долбоорлоо иштерине берилет» деп жаз алдында убада берилген болчу.

XS
SM
MD
LG