Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Өзгөндөгү кырсыктын кесепетин жоюуга аракет көрүлүп атат


БИШКЕК. Өзгөн районунун жер көчкү болгон Каратарык айылынан 17 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүп, 43 чатырга жайгаштырылды. Мындан тышкары, жер көчкү коркунуч келтирип жаткан дагы бир айылдагы 42 үй-бүлө көчүрүлдү. Мындай кабар бүгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен алынды. Андан келип түшкөн маалыматка караганда, көчүрүлгөндөргө министрликтин эсебинен ысык тамак, электр жарыгы жана зарыл буюм-тайым берилүүдө. Өкмөт жапа чеккен ар бир үй-бүлөгө үй куруш үчүн 200 миң сомдон жардам бөлүп, үй салууга ылайык жер издештире баштады. БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана Орусиянын Күтүүсүз кырдаалдар министрлиги кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бирок, кырсык алып келген материалдык чыгымдын көлөмү аныктала электигине байланыштуу алардан канча жардам керектиги айтыла элек. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен бүгүн алынган дагы бир маалыматка караганда, ушул күнү эртең менен Сузак районундагы Кыржол жана Маркай айылдарында жер көчкү жүрүп, бирден үй керектен чыгып, 6 үйдө турууга мүмкүн болбой калды.

XS
SM
MD
LG