Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Испанияда салттуу адабий марафон өтүп жатат


Мигел Сервантестин "Дон Кихот" романын тынымсыз окуу боюнча эки күндүк адабий марафон башталды. Шейшембиде түштөн кийин башталган акцияга саясатчылар, мектеп окуучулары, дүкөнчүлөр, ар башка кесип ээлери катышып, бардыгы 3000дей окурман атактуу чыгарманын бирден параграфын, же мазмунга жараша, бир мүнөтчө үзүндүсүн үн чыгара окуйт. Жети жылдан бери өтүп жаткан маданий акция Мадридде башталып, "Дон Кихоттун" эң алгачкы параграфын окуу озуйпасы өткөн жылы Сервантес атындагы сыйлыкты жеңип алган испаниялык жазуучу Хосе Хименез Лозаного ыйгарылды. 48 саат бою романды үзгүлтүксүз, кыябын келтире окуу марафонуна телефон жана телекөпүрө аркылуу башка өлкөлөрдүн жарандары да катышышат.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага

XS
SM
MD
LG