Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Грузин президентинин Киевдеги сапары аяктады


Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе Украин жетекчилигине сепаратисттик Абхазияда тынчтык орнотууда жардам көрсөтүү ниети үчүн ыраазычылык билдирди. Киевдеги сапары учурунда Э.Шеварднадзе украин президенти Л. Кучма менен жолугушуп, Абхазиянын тегерегиндеги кырдаалды талкуулады. Жолугушууда Украинанын президенти Абхазия чатагын жөнгө салуу боюнча эл аралык конференцияны Киевде өткөрүүнү сунуш кылды. Андан сырткары эки өлкөнүн лидерлери соода жаатындагы, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттердеги жана маалымат алмашуудагы кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюшту.

XS
SM
MD
LG