Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

АКШ эгемен Палестина мамлекетин түзүш үчүн саясий реформаларды ыкчамдатуу зарыл деген пикирде


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти келечекте көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүүгө Палестинанын премьер-министри жана министрлер кабинети өз милдеттерин аткара албай жатканы бөгөт болушу мүмкүн деп эскертти. Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Ричард Баучер белгилегендей, Палестинанын өкмөт башчысы Махмуд Аббаска кол алдындагы министрлерди дайындоо укугу берилиши кажет. Палестин автономиясынын төрагасы Ясир Арафат менен жаңы премьер Махмуд Аббас коопсуздук кызматынын башчысына талапкерди көрсөтүү маселесинде бир пикирге келе албай, талаш өкмөт башчынын отставкага кетиши менен аякташы мүмкүн деп айтыла баштаган. АКШ президенти Жорж Буш палестин жетекчилигин ийкемдүү болуп, 2005-жылы эгемен Палестина мамлекет түзүү алдында бардык зарыл шарттарды аткарууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG