Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

АКШ Ирактын болочок өкмөтүнө бардык тайпалардын өкүлдөрү кириши керек деп эсептейт


Ирактын Америка дайындаган администрация башчысы, генерал Жей Гарнер шейшембиде ирактык күрттөрдүн лидерлери Жалал Талабани жана Масуд Барзани менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Гарнер АКШ болочок ирак өкмөтүнө өлкөдөгү бардык улуттук, диний жана башка тайпалардын өкүлдөрү киришин каалайт деп белгиледи. Америкалык командачылык Багдаддагы аскерлер 600 млн доллар таап алышканын кабарлады. АКШ генералы Винсент Брукс окуя тууралуу буларды айтты. "Багдадда башаламан каракчылыкты токтотуу милдетин аркалап жаткан америкалык 3-дивизиянын аскерлери дубалга катылган көп акча таап алышты. 100 долларлык акчаларды эсептей келгенде, бардыгы 600 млн долларга айланды. Азыр адистер табылган акчалар жасалма эмеспи деп кылдат текшерип жатышат", - деди генерал Брукс. Ал учурда жүз миңдеген шийит мусулмандар Ирактагы ыйык жай – Кербала шаарына чогулушту. Саддам Хусейндин бийлиги учурунда шийиттерге бул жерде зыяратчылык кылууга тыюу салынган эле.

XS
SM
MD
LG