Бириккен улуттар уюмундагы француз элчиси Жан-Марк де ля Саблиер Иракта түзүлгөн жаңы кырдаалда эл аралык коомчулук ийкемдүү болушу керектигин белгиледи. "Мен мындан тышкары Ирактагы америкалык аскерлер Улуттар уюмунун курал-жарак инспекциясы менен чогу иштешип, дүйнө коомчулугун Ирак чындап куралсызданганына ынандырууга тийиш деген сунуш киргиздим", - деди Париждин БУУдагы элчиси. АКШнын элчиси Жон Негропонте Америка Иракка каршы санкцияларды жоюу багытында Франция менен бирге аракеттенээрине ишендирип, бирок курал-жарак инспекторлорунун Иракта эмне иш аткараары бүдөмүк деген пикирин билдирди. Улуттар уюмунун инспекторлор башчысы Ханс Бликс болсо, текшерүүчүлөр Иракта коопсуздук шарттары түзүлөөр замат кайтып барууга даяр деп жарыялады.