БИШКЕК. Кыргызстанда жашыруун аракеттенген «Хизбут-Тахрир» уюмунун өкүлдөрү өз укугун коргоо талабы менен Акыйкатчыга кайрылган жок. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, «хизбуттахрирчилердин» же алардын таламын жактаган башка уюмдардын массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылуулары Акыйкатчынын кийлигишүүсүнө негиз боло албайт. Андан тышкары, Турсунбай Бакир уулу: ««Хизбуттахрирчилер» расмий каттоодон өтүүгө ынтызар эмес, анткени, алар каттоодон өтсө тышкы жардамдан кур жалак калышат», - деп кошумчалады. Акыйкатчынын мындай пикири Кыйноолорго каршы эл аралык уюмдун 8-апрелдеги билдирүүсүнө жооп иретинде айтылды. Аталган уюм ал билдирүүсүндө Ирактагы согушка каршы баракчаларды тараткандыгы үчүн «Хизбут-Тахрир» уюмунун 13 мүчөсү камакка алынышына кабатырлангандыгын кабарлаган. Ал ошондой эле камакка алынгандарды жакындары, адвокаттары менен жолуктурууга жана аларды куугунтуктоону токтотууга кыргыз бийлигин чакырган болчу.