Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Ош мамлекеттик университетинде студенттердин жана жаш илимпоздордун форуму аяктады


ОШ. Бул форум «Кыргыз мамлекеттүүлүгү түрк тилдүү өлкөлөрдүн системасында» деген жалпы теманын астында өттү. Ага Орусия, Түркия, Кытай баштаган 14 өлкөдөн, Кыргызстандын бүт жогорку окуу жайларынан делегациялар келген. Форумду ОшМУнун ректору Бектемир Мурзубраимов жетектеп алып барды. Жыйында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов баштаган бийлик өкүлдөрү, Массон, Аскар Какеев, Владимир Плоских баштаган таанымал окумуштуулар катышып, сөз сүйлөштү. Форумдун соңунда тарыхты аздектөө тууралуу жалпы Кыргызстан элине кайрылуу кабыл алынды. Ошондой эле Кыргызстандын илимпоз жаштарынын лидерлеринин ассоциациясын түзүү демилгеси көтөрүлүп, колдоого ээ болду.

XS
SM
MD
LG