БИШКЕК. Бүгүн Американын Борбордук Азиядагы университетинде «Кыргызстандагы саясий кризис. Андан чыгуунун стратегиясы» деген темада «тегерек стол» жыйыны болду. Жыйын «Келечек долбоору» фонду жана аталган университеттин алдындагы «Чыгыш жана Батыш борбору» тарабынан уюштурулуп, анда бул уюмдардын Кыргызстандагы саясий кризиске жана андан чыгуунун жолдоруна байланыштуу изилдөөлөрү жарыяланды. Изилдөөлөргө караганда, Кыргызстандагы саясий кризиске социалдык-экономикалык кыйынчылык, саясий реформалардын натыйжасыздыгы жана экономиканын өнүгүшүндө ийгиликтин жоктугу себеп болду. Кырдаалдан чыгыш үчүн башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, коррупцияны ооздуктоо жана элдин бийликке ишенимин кайтаруу керек. «Тегерек стол» жыйынына «Келечек долбоору» фондунун лидерлери Ишенбай Абдуразаков, Муратбек Иманалиев, «Чыгыш жана Батыш» борборунун башчысы Уильям Хансен жана башка окумуштуулар, саясатчылар катышты.