Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

ШКУнун тышкы иштер министрлери Алматыда чогулмак болду


БИШКЕК. 29-апрелде Алматы шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болот. Анын күн тартибинде ШКУнун президенттеринин май айында Москва шаарында өтө турган саммитине даярдык көрүү, уюмдун туруктуу иштей турган органдары тууралуу чечимдерди даярдоо, ал структураларда иштөөчү кадрлар боюнча маселелер бар. Ал эми Москвадагы саммитте ушул маселелер боюнча чечим кабыл алынат жана эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашылып, саммитти жыйынтыктоочу документ кабыл алынат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын ШКУ боюнча координатору Асанбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, Алматы жыйынына Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов катышат. Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG