БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Венгрия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Андрашо Баршоня расмий иш сапары менен келди. Ал бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен кезигишти. Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мурдагы тарыхый байланыштарды жандандыруу зарылдыгы белгиленди. Андрашо Баршонянын айтымында, Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташууга Венгриянын өкмөтү 3-4 миллион евро өлчөмүндө инвестиция бөлүүгө ниеттенүүдө. «Жыл сайын дүйнөлүк деңгээлдеги жармаңкелер көп өтчү Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш жанданса, кыргыз ишкерлери жана өндүрүшчүлөрү үчүн дүйнөлүк рынокко кеңири жол ачылат», - деп билдирди ал. Ал эми Жоомарт Оторбаев Кыргызстан үчүн Венгриянын тажрыйбасы өтө пайдалуу экендигин айтып, Кыргызстандын өнүгүшүндөгү келечектүү деген алты багыт тууралуу маалымат берди.